Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 137
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылынын жашоочулары өз каражаттарынан алган көмөкчү чордонду райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүү жан электр мамычаларын, электр чубалгыларын орнотуу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевдин сунушун жана Орто-Жон айыл элинин арызын эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Орто-Жон айылын жашоочулары өз каражаттарынан алган көмөкчү чордондуу райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүдө тиешелүү баардык талапка жооп берерлик документацияларын даярдап 2019-жылдын 25-майга чейин өткөрүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Орто-Жон айылына электр мамычаларын, электр чубалгыларын тартуу үчүн тиешелүү докуметтерин даярдап каржылоо булагы болгон инвестиция тартууну уюштуруу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |