Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 138
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаты Э.Бусурмановдун сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаты Э.Бусурмановдун Өзгөрүш айылындагы А.Борбуев атындагы көчөсүндөгү борборук жолдон тосмого чейинки аралыктан жер аянтынан ПРООН уюму тарабынан эс алуучу жай ( аллея) куруу сунушун эске алынсын.
2. Э.Бусурмановдун сунушунда көрсөтүлгөн эс алуучу жайга жер бөлүп берүү жагын уюштуруу Кызыл-Өзгөрөш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын, курулушка тиешелүү документацияларын бүткөрүү жана курулуштун долбоорун даярдоо жагы Э.Бусурмановго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |