Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 139
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими, айылдык кеӊештин депутаты Айтмырза уулу Азизбекке ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Төрөкулов Өмүрбек Турсунбаевичтин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Төрөкулов Өмүрбек Турсунбаевичтин сунушун эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими, айылдык кеӊештин депутаты Айтмырза уулу Азизбекке ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берилсин.
2. ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |