Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 140
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 01.04.2019-жыддагы № 6 токтомунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 01.04.2019-жыддагы № 6 токтому эске алынсын.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен
Бууракан айылынын тургундарынын жолго труба коюп берүүгө-10000 сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Умай энелерге ” республикалык конкурска барып келүүгө сапар чыгымына -23000 сом бөлүнүп берилсин.
№31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин 3-класынын окуучусу Абдылдыканов Диязга Ташкент шаарында өтүүчү менталдык Арфиметика боюнча Бүткүл дүйнөлүк эл аралык олимпиядага барып келүү үчүн сапар чыгымына-15000 сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Айылдык ден соолук комитеттинин өздүк фондун уюштурууга-15000сом акча бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жеке ветеринардык адистерге жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн иш-чараларды жүргүзүүгө -15000 сом бөлүнүп берилсин.
Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну маркум Кадымаев Исмаилдын жаркын элесине арналган республикалык күрөш боюнча мелдешин өткөрүүгө айыл өкмөттүн жыл башында бекитилген жергиликтүү бюджетинин жеӊилдиктер бөлүмүнөн -40000 сом бөлүнүп берилсин.
Аӊ-Арык айылындагы адам өтүүчү көпүрөнү оӊдоп түзөөгө-50000 сом бөлүнүп берилсин
Төрага | Г.Сманова |