Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 142
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаты Айтмырза уулу Азизбектин сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешке түшкөн кайрылууларды канааттандыруу максатында Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы эски маданият үйүнүн ордуна курулган спорт комплекстин гос актысын даярдоого айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Спорт комплекстин тишелүү докуметтерин даярдоого акча каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |