Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2019-жылдын 03-апрели № 143
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаты Айтмырза уулу Азизбектин сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаты Айтмырза уулу Азизбектин Өзгөрүш айылына күрөш зал куруу жөнүндө сунушу эске алынсын.
2. Күрөш зал курууга жер бөлүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрөш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын, курулушка тиешелүү документацияларын бүткөрүү жагы айыл чарба иштери жана жер маселелери боюнча башкы адис Э. Ажыкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин курулуш архитектура, энергетика, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | Г.Сманова |