Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 15-январы № 89
Ничке-Сай айыл аймагындагы коомдук уюмдардын иштеринин аткарылышы боюнча
Айылдык кеңешинин депутаты К.Осмоналиевдин коомдук уюмдардын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы Б.Уезбаеванын 2018-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы уюштуруу иштерин жүргүзүү менен иш алып баруу жагы аялдар кеңешинин төрайымы Б.Уезбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссия тапшырылсын.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |