Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 15-январы №90
Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим» бекитилсин.
2. КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы , айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Л.Жунусовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ничке-Сай айыл аймагынын экономист-статисти Ө.Бөкөшөвго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |