Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 24-январы №93
Айылдык аймактагы коомдук тартиптин сакталышы жөнүндө
Ничке-Сай айылдык аймактагы коомдук тартиптин сакталышы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Осмоналиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айылдык аймактагы коомдук тартиптин сакталышы боюнча 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы жоопкерчиликте жана уюшкандыкта иш алып баруу жагы айылдык аймагынын участкалык милициянын капитаны Н.Одоновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |