Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 24-январы №94
Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жылга сунуш кылынган бюджеттин долбоору боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Л.Жунусованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2019-жылга киреше бөлүгү: 3700,8 миң сом теңдөөчү грант, 1712,7 миң сом жергиликтүү бюджет, жалпы 5413,5 миң сом чыгаша жана киреше бөлүгү бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын негизинде айыл аймактын айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2019-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% өлчөмүндө 50,0 миң сомго бекитилсин.
3. Ничке-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсүнө карата сессияларга маалымат берүү жагы ФЭБнүн башчысы Л.Жунусовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |