Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 24-январы №95
Жайыт комитетинин 2019-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Эркинбек уулу Уланбектин 2019-жылга түзүлгөн иш планынын долбоорун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2019-жылга түзүлгөн иш планынын долбоору бекитилсин.
2. 2019-жылга жылкы – уй малдар үчүн ар бир башына 100 (жүз) сом, кой – эчкилер үчүн ар бир башына 20 (жыйырма) сомдон салык жыйымы белгиленсин.
3. Сырттан келген жылкы – уй малдар үчүн ар бир башына 100 (бир жүз) сом, кой-эчкилер үчүн ар бир башына 20 (жыйырма) сомдон салык жайымы бекитилсин.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |