Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 19-апрели №103
Жазгы талаачылык жумуштары, малды жайлоолорго көчүрүү жана бада акысы бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги Элдик жыйындын чогулушунун № 3,№4 токтомдорун негиз кылып Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында малды жайлоолорго айдап кетүү убактысы 2019-жылдын 10-майынан кечиктирилбесин.
2018-жылдын 10-майынан кийин эгинге түшкөн малдардын ээлери:
1 баш кой үчүн – 50 сом
1 баш уй, жылкы мал үчүн – 250 сом айып пул төлөнсүн, ушул эле мал кайрадан экинчи жолу дагы эгинге түшсө ар бир баш үчүн 1000 сомдон айып пул өндүрүлүп алынсын;
2018-жылга малдын бада акысы:
1 баш кой үчүн 1 айга – 50 сом
1 баш уй, жылкы мал үчүн 1 айга – 250 сом болуп бекитилсин
үлүш жерлерди айдоо акысы 1 га жер үчүн 1000 сом жана 30 литр күйүчүү май болуп бекитилсин
тосмолордун ичиндеги жерди айдоо акысы 1 сотыхы – 15 сомдон болуп бекитилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т.Эрмекбаев |