Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 105
Кыргыз Республикасынын «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы эксплуатациялоо жөнүндө ЖОБОну жана техникалардын элге кызмат көрсөткөн акы тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы эксплуатациялоо жөнүндө ЖОБО жана техникалардын элге кызмат көрсөткөн акы тарифтери боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» /ПРЖР-2/ долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техниканы эксплуатациялоо жөнүндө ЖОБОсу бекитилсин.(ЖОБО тиркелет).
2. «ПРЖР» проектиси боюнча айыл өкмөтүн жайыт комитетине келген айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөткөн акы тарифтери Прессподборщик 1даана престелген түккө жиби менен бирге 13 сом, МТЗ-82 жер айдоого 1га. жерге 1000 сом,соляркасы 30 литр, МТЗ-82 малалоого 1 га. жерге 400 сом, соляркасы 10 литр,Экскаватор погрузчик 1 саатка 1200 сом солярка ичинде болуп бекитилсин.
3. ЖОБОнун негизинде атайын техникалар жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилсин жана механизаторлорду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге тапшырылсын.
4. Техникалардын оң абалда туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу менен бирге техникалардын коопсуздугун сактоо,мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевгемилдеттендирилсин.
5. «ПРЖР-2» долбоору аркылуу сатылып алынган атайын техникаларды пайдалануудан түшкөн акча каражаты жайыт комитетинин өздүк эсебине түшүп,эсепти жүргүзүү жайыт комитетинин бухгалтери Р.Жапаралиевага милдеттендирилсин.
6. Техникаларды айдоочу механизаторлорго конкурс жарыялоо боюнча айыл өкмөттүн кулактандыруу такталарына илинип элге маалымдалсын.
7. Токтомду аткарууга алуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго милдеттендирилсин.
9. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев. |
2019-жылдын 15-мартындагы Үч-Терек айылдык
кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
XXIVсессиясынын № 105 токтомуна 1-тиркеме
Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жанамайда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасстык фондунун ортосундагы мал чарбасын жанаРынокту өнүктүрүү-2 долбоорункаржылоожөнүндө макулдашуусунуннегизинде сатылып алынган атайын техникаларды Эксплуатациялоо жөнундө
Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына,жайыт пайдалнуучулар Биркмесинин Уставынажана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз Кыргыз Республикасы менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорун каржылоожөнүндө макулдашуусунуннегизинде ( мындан ары- Долбоор) аркылуусатылып алынган Экскаватор-погрузчик бульдозер Амкадор 702 ЕМ трактор, Беларус-892.2.Трактор. Беларус-82-1 жана пресс-подборщик техникаларын( мындан ары- атайын техника)
Натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу тартибин жөнгө салат
1.1.Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС айылдык Кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт Комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге таянып жанаКыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат жана мулккө муниципалдыкМенчик объекттерининреестрине киргизет.
1.2. Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары КыргызРеспубликасыны “ МүлккөМуниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесине жана КРнын граждандык Кодексинин 227-беренесинин 4-пунктунун негизинде жайыт пайдалануучуларбирикмесине оперативдүү башкарууга откөрүп берет.
1.3.Атайын техниканы оперативдүү башкаруу укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөтүайыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы түзүлгөн келишим менен аныкталат.
1.4.Жайыт пайдалануучулар бирикмеси мүлктүпайдалануудажана тескөөдө техникалык коопсуздук жана санитардык нормалардысактоо менен ушул ЖОБОдо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
1.5.Жайыт пайдалуучулар бирикмеси оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандыккыймылсыз мүлктү менчик ээсининмакулдугусуз сатууга. Аны ижарага күрөөгөкоюуга.
Чарбалык шериктештиктердин капиталына салым ( пай) түрүндөкошууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз.
1.6.Жайыттарды башкаруу жана пайдалуунун жылдык планында белгиленген жумуштарга тартылбаган учурда келишимде көрсотүлгөн шарттарда жергиликтүүтургундарга. Жергиликтүү жана тышкы жеке жана юридикалык жактарга коммерциялык негизде кызматтарды көрсөтөалат.
1.7.Атайын техниканыкоммерциялык максатта пайдалануудан түшкөн таза киреше жайыт комитетинин бюджетине түшөт жана анын туруктуулугун камсыздоого жумшалат.
1.8.ЖПБ \ ЖК атайын техниканы максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу менен жайыттардын абалынинфраструктурасын жакшыртуу жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча план/ программаиштеп чыгат жана жайыт комитетинин отурумунда талкууланыпжайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпычогулушунда конференциясында бекитилет.
2. Механизаторлорду тандап алуу тартиби:
2.1 Атайын техникаларды натыйжалуу башкаруу жайыт пайдалануучулар бирикмесининаткаруучу органы Жайыт комитети ачык сыноо/тендер аркылууөткөргөн конкурстун жыйынтыгына ылайык тандалып алынган механизатор менен түзүлгөн келишимге ылайыкжүргүзүлөт.
2.2. Тендердик комиссиянын курамы 5-7сандагы кишилердин курамынан турат жана комиссиягажергиликтуу кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүкирет.
Тендердик комиссиянын курамын жайыт комтитетинин төрагасы өзүнүн буйругу менен аныктайт.
2.3 Конкурс төмөндөгү критерийлерге негиз өткөрүлөт.
Механизатор төмөндөгү базалык талаптарга ылайык келиши керек:
-Механизаторлук кесиби боюнча билимге ээ болуу (күбөлүк)
-Атайын техника менен иштегендиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу.
-Кеминде 3 адамдан сунуштама каты.
-Атайын техниканы сактоочу гаражга ээ болуусу
-Атайын техниканы ремонттоо боюнча жөндөмгө ээ болуусу
-Ден соолугунун чыңдыгы боюнча Ф086 У справкасы
-Жеке ишкердикти жүргүзүүсүбоюнча күбөлүгүнүнжана патенинин болуусункамсыздандыруу
Полисинин болуусу өзгөчөлүк катары бааланат.
2.4.Механизаторду тандап алуудааныкталган критерийлерге ылайык ар бир комиссиямүчөсүнүнжекече баалоо отчету жүргүзүлөтжана колу менен күбөлөндүрүлөтжана ар бир комиссия мүчөсүнүн жекече баалоо отчетунда берилген баллдаржыйынды таблицада жалпыланып , орточо баллдары эсептелип ранжирлоонун жыйынтыгы мененженүүчүаныкталат. Жыйынды таблица бардык комиссия мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.
3. Атайын техниканы иштетүү жана финансылык абалы
3.1. Атайын техникалар эн биринчи кезекте жайыттарды башкаруу жана пайдалануунунжылдык планында белгиленген жумуштарды аткарышат.
3.2 Атайын техникалар башкаруу жана пайдалануунун жылдык планында белгиленгенжумуштарды аткарууга кеткен чыгымдар жергиликтүүбюджеттен,жайыт төлөмдөрүнөн топтолгон жана атайын техниканы пайдалануудан түшкөн каражаттарданкаржыланат.
3.3 Жайыттарды башкауу жана пайдалануунун жылдык планда белгиленген жумуштардыаткаруу жана коммерциялык кызматтарды көрсотүүтарифи жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушунда/ конференциясында талкууланып айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифинин негизинде жүргүзүлөт (Тиркеме1. Тиркеме 2. Тиркеме2-1.) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планында белгиленген жумштарды жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги жумштарын аткарууда өзүнчө тариф, жеке жана юридикалыкжактарга коммерциялык тариф менен эсептелет.
3.4.Жекежана (же) юридикалык жактарга атайын техниканы коммерциялык негизде иштетүүтөмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт.
-Жайыт комитети жеке жана (же) юридикалык жактардан буюртманы жазуу жүзүндө кайрылуу кабыл алат.
-Буюртмачы тарабынан белгиленген тарифке ылайык төлөнгөн акча каражаты ЖКнин бухгалтериясы аркылуу эсеп жүргүзүлөт.
-Жайыт комитетинин төрагасы механизаторго буюртмага ылайык аткарылуучу жумуштун түрү жана орду көрсөтүлгөн жолдомо баракчаны(путевой лист) өзүнчө берет.
-Жолдомо баракчада белгиленген жумуш аткарылып,буюртмачы тарабынан кабыл алынгандан кийин жумуш аяктады деп эсептелинет.
3.5.Атайын техниканы пайдалангандыгы боюнча отчеттор жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарына жана жайыт пайдалануучулардын (ЖПБ) жалпы чогулушуна /конференциясына/ жылына бир жолудан кем эмес берилет.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери:
4.1.Тараптардын укуктары жана милдеттери айыл өкмөтү менен ЖПБ\ЖКнын ортосунда түзүлгөн мүлктү оперативдүү башкаруу укугун беруу боюнча келишимде аныкталат.
5.Мулкту оперативдүүбашкаруу укугун берүүбоюнча келишимди
Токтотуунун тартиби:
5.1 Мүлктү оперативдүүбашкаруу укугунберүү боюнча келишими төмөнкү учурларда токтотулат.
-келишимдин мөөнөтү аяктаганда,
- жайыт пайдалануучулар бирикмеси Уставда белгиленген тартипте өз ишин токтоткондо,
-тараптар келишимдин шарттарын жана милдеттерин аткаруудан баш тартканда
6. Талаш тартыштарды чечүүтартиби:
6.1. Атайын техниканы оперативдүү башкарууда келип чыккан талаш тартыш маселелераксакалдар сотунун отурумундажайыт комитетинин жана текшерүү комсиссиясынын мүчөлөрүнүнжергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чечилет.