Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 106
Жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жана фондун жерлери жөнүндө
Жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жана фондун жерлери боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкулап айылдык кеңештин кезектеги ХХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү жана фонддун жерлерин пайдалануу боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшүндө биринчиден болуп баардык айдоо жерлерине баруучу арыктарды, каналдарды тазалатуу, жээктерин бекемдетүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн орун басары А.Байсабаевге жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айдалып себилген айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн суугат мезгилдеринде сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы УОС кызматкерлерине жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөттүн орун басары А.Байсабаевке жана жер адиси К.Абазовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
6. Бул токтомдун .Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |