Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 107
Айдап себүү,таза суу,суугат суу,оруу жыйуу ж.б.кызмат көрсөтүү тарифтеринбекитүү жөнүндө
Айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү боюнча колдонулган техникалардын кызмат көрсөтүү акысы боюнча тракторлордун жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу раценкаларын бекитүү боюнча ар бир айылдарда чогулуштар өткөрүлүп эл менен макулдашылып, бада баасы бир баш уйга 300 сом, жандык малга 50 сом, суугат сууга 50 сом, таза сууга ар үйдөн чыккандарга айына 80 сом, ал эми көчөдөн чыккан таза сууга айына 20 сом, мусор чыгарууга ай сайын үй башына 20 сомдон деп мурдагы раценкалар боюнча калтырылды. Эл менен биргеликте сүйлөшүүлөр болуп ушул тарифтен ашыкча акча алынса трактористерге жана бадачыларга айып салынары эскертилди. Жогорудагы статист-экономист С.Жолдошованын билдирүүсүн угуп жана талкулап айылдык кеңештин кезектеги ХХIV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагында айдап себүү,таза суу,суугат суу,оруу жыйуу ж.б.кызмат көрсөтүү тарифтери боюнча статист-экономист С.Жолдошованын билдирүүсү эске алынсын.
2. 2019-жылга айдап себүүгө карата техникалардын жана бада бааларынын,суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу боюнча раценкасын мурдагы бекитилген баа боюнча калтырылгандыктан ошол раценканын негизинде иш алып баруу жагы механизаторлорго, бадачыларга, таза суу боюнча суу технике, суугат суу боюнча мурабка, таштандыларды чыгаруу айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Тарифтен ашыкча акча алынса трактористерге жана бадачыларга айып салынары жана бузуулар боюнча түзүлгөн комиссияда каралып, айып пулдары көрсөтүлүп, мыйзам түрүндө чара көрүлөрү жөнүндө тийиштүү жарандарга таркатылып,айыл тургундарына маалымат жарыялансын.
4. Үч-Терек айыл аймагынын жашоочуларынын ден-соолугун коргоо максатта маани берүү менен таза суудан түшкөн акча каражатын ошол таза суу келүүчү түтүкчөлөрүн оңдоого,тазалоого жумшалсын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысыН.Молдомусаевге жана статист-экономист С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
7. Бул токтомдун .Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |