Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 108
Үч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун негизинде 3 айлык жарыялоо жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү,жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуунун жүрүшү жөнүндө статист-экономист Ж.Жолдошованын билдирүүсү эске алынсын.
2.Үч-Терек айыл аймагынын айылдарында көчөлөрдү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жума сайын ишембиликтер өткөрүлсүн.
3. Жарыяланган үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча мекеме уюмдарга, Бишкек-Ош жолунун жээктериндеги бак дарактардын түптөрүн актоо, таштандыларды чыгартуу, жолдорду,ички арыктарды, каналдарды тазалатуу, иштерин жүргүзүү жагы мекеме уюм жетекчилерине ,айыл башчыларына, айыл көчөлөрүнө ысымы коюлган жарандардын үй-бүлөсүнө алдын-ала эскертилипмилдеттендирилсин.
4. Айылдагы бак-дарактарды илдеттерден-зыянкечтерден алдын алуу максатында жаздын март айынын экинчи декадасынан, апрель айынын биринчи декадасынан жана күз айынын октябрь айынын экинчи декадасында дарылоо иштери жүргүзүлсүн.
5. Үч-Терек айылындагы борбордук базардагы курулуштарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган Афтобекет курулуш жайларын жана соода сатык жайларынын айланасын тазалоо иреетке келтирүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевге тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев. |