Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 109
Бишкек шаарындагы №4 хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы эмгек ардагери Шүкүрбаев Кубанычбек Абдыбаевичге Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Шүкүрбаев Кубанычбек Абдиевич 7-октябрь 1959-жылы Ош шаарына караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.
1983-жылы Кыргыыз Мамлекеттик медициналык инстутунун дарылоо факултетин бүтүргөн соң,Ош облустук бейтапканасынын базасында хирургия боюнча интернатурадан өткөн.
1984-жылдан баштап 1988-жылга чейин Майлы –Сай шаардык бейтапканасында врач хирург катары эмгектенип келген.1988-жылдан 1990-жылга чейин Фрунзе шаарынын ШТЖКО базасында КММИнин хирургия кафедрасында клиникалык ординатурадан өткөн,1990-жылдан баштап ШТЖКОда хирургия бөлүмүндө иштеген.1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат. Шүкүрбаев К.А.жалпы хирургия боюнча жогорку квалификациялуу врач хирург,көкүрөк жана ич көңдөйүнүн органдарына жасалуучу операциянын бардык хирургиялык техникаларына ээ. 34 жыл хирургия врачы болуп кызмат өтөп 15000ден ашык ооруларга операция жасаган.Ич көңдөйүнүн көкүрөктүн өткүр оорулары бар жаракат алуучуларды дарылоо боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыккан жана аларды ишке киргизген.
Шүкүрбаев К.А. практикалык врач болуп иштөө менен бирге илимий-изилдөө иштерин да жүргүзүп келет. Атап айтканда 2002-жылы «Фактордук модель жана политравмадагы медициналык-хирургиялык жардам» аттуу темада аткарылган кондидаттык диссертатциясын ийгиликтүү коргоп алган.Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө басылып чыккан 30 илимий иштердин автору,5 рационализатордук сунуш жана ойлоп табууга берилүүчү 3 патенттин автору.Евразиялык травматолог-ортопеддердин I жана II конгрессинин ишине,түрк тилдүү өлкөлөрдүн травматолог-ортопеддеринин эл аралык конгресине (Анталия ш.,Турция, 2011-ж) катышкан.
Көп жылдык натыйжалуу иштери жана жогорку адистиги үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо кызматкерлеринин борбордук профсоюздук комитетинин,Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун «Ардак грамоталары» менен сыйланган.2002-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлиги тарабынан ардак граматага ээ болгон.1999-жылы «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» аттуу төш белги менен сыйланган. Ишиндеги жогорку көрсөткүчтөр,ак ниеттуу эмгеги жана хирургия-политравма бөлүмүндөгү эмгекти жакшы уюштуруусу үчүн бир нече жолу акчалай сыйлыктарга ээ болгон.
Кызыл-Ураан айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын мартындагы протоколунун негизинде Шүкүрбаев Кубанычбек Абдыбаевичке Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча айылдык кеңештин кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын тургуну эмгек ардагери Шүкүрбаев Кубанычбек Абдыбаевичке жогорудагы эмгегин баалап Үч-Терек айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |