Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
2019-жылдын 15-марты № 110
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомун жетекчиликке алуу жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин ХХII-чакырылышынын 28.09.2002-жылдагы кезектеги ХIV сессиясынын № 14 токтомунун ,Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеңешининХХIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын 06.05.2004-жылдагы № 70 токтомунун ,Үч-Терек айыл өкмөтүнүн17.02.2005-жылдагы № 6чечиминин ,Үч-Терек айыл өкмөтүнүн03.06.2006-жылдагы № 52 буйругунун негизинде жеке турак жай куруу үчүн сугат айдоо жерлеринен44,1 га,жайыт жерлеринен 22,1 га,көп жылдык бактан 13,0 га жалпы 79,1 гектар айыл чарба жерлери берилип кеткен жана бул жер аянттарына турак үйлөр курулупкалган Ошондуктан,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 Токтому менен бекитилген 2009-жылдын 31-июлуна чейин турак жай куруу үчүн сугат айдоо жерлеринен берилип кеткен жер аянттарын тактап,трансформациялоо үчүн аталган токтомду жетекчиликке алып,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдын 31-июлуна чейин жекетурак жай куруу үчүн берилип кеткен сугат айдоо жеринин такталганаянттарын турак жайынын жерлери категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
2. Бултоктомдунаткарылышынкөзөмөлгөалуужагыжер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kgсайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |