Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы № 18
Айыл өкмөттү жооптуу катчысы, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын төрагасы М. Ахмедовдун сунушу жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын төрагасы М. Ахмедовдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 127 сандуу токтому эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 сандуу токтомун жетекчилике алып Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жана жайгашкан жергиликтүү тургундарга, турак жайларына 2020-жылга карата каттоо жүргүзүлсүн.
3. Аталган каттоону жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында Айыл өкмөттүн аймагындагы тийиштүү мекеме иш-каналар толугу менен тартылсын.
4. Атайын түзүлгөн комиссия курамынын сметасына ылайык 250000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
5. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Г. Мирзаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |