Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 1
«Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында Бүргѳндү айыл аймагына алып келинип жаткан МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактордун депозити жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 16-февралындагы №01-16/ 68 сандуу Бүргѳндү айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында алынып келинип жаткан МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактору жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 16-февралындагы №01-16/ 68 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында “Намаздык-Ата” жайыт бирикмеси тарабынан алынып келинип жаткан МТЗ-82 үлгүсүндөгү тракторун депозити үчүн жергиликтүү бюджеттен 350 000(үч жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.Бүргөндү айыл өкмөтү жана “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси М. Джолдошов менен максатуу келишим түзүү, жогорудагы жергиликтүү бюджеттен ажыратылган акча каражатын максатуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн
4. ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго жана Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага | З. Арстанбеков |