Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 2
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жылдык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жылдык бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовдун отчетун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жылдык бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовдун отчету эске алынсын. (отчет тиркелет)
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2018-жылдын жылдык такталган планы 20577,3 миң сом эсебинде бекитилип, 20982,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
3. Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 21096,3 миң сом бекитилип, 20297,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | З. Арстанбеков |