Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 3
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2018-жыл ичинде социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жыл ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. А.Сатыкуловдун 2019-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. А.Сатыкуловдун 2019-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө аткарган иштери боюнча төмөнкүлөр 2019-жылга бүткөрүлүүсү белгиленсин.
- Жаштык айылындагы ФАПтын учурдагы жер аянтын трансформациялоо боюнча тиешелүү документтери бүткөрүлсүн;
- Дыйкан фермерлердин айыл чарба продукцияларын чет өлкөлөргө экспорт кылууда жакындан колдоо көрсөтүүнү колго алуу;
- Дыйкан, фермер чарбаларды үзгүлтүксүз эгин суу менен камсыз кылууну колго алуу;
- Калктын аярлуу катмары менен иш алып барууну жакшыртуу, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө аяр мамие жасоо менен, мүмкүн болушунча жөлөк пул алуучуларга көмөк көрсөтүүнү колго алуу;
- 2019-жылга ички-тышкы инвестицияларды тартуу менен курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана курулуш иштерин толугу менен бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы сын-пикирлерди эске алуу менен айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловдун 2018-жыл ичинде социалдык –экономикалык өнүгүүсүндөгү аткарган иштнри жөнүндөгү маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагасы Г. Мирзаевке, К. Калбековго, А. Расуловго жана Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
Төрага | З. Арстанбеков |