Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 4
Кызыл-Кыя айылындагы Таза –Суу бирикмесинин карызы боюнча
Айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 16-февралындагы № 01-16/67 сандуу Кызыл-Кыя “Таза-Суу” бирикмесинин карызын кыскартуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 16-февралындагы № 01-16/67 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя “Таза-Суу” бирикмесинин эски жылдардагы карызын кыскартуу, жергиликтүү тургундарга жеткирилип жаткан Таза-Сууну үзгүлтүкө учуратбоо максатында, Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |