Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 5
Кызыл-Кыя айылындагы Ф №14 жана Жаңы- Арык айылындагы №24 айылдык китепканачылар З. Кулматованын, А. Оконбаевалардын кайрылуусу жөнүндө
Ф № 14- китепканачы З. Кулматованын 2019-жылдын 05-февралындагы кириш № К-05 сандуу Моделдик китепканага айландыруу жөнүндөгү жана Жаңы-Арык айылындагы №24- китепканачысы А. Оконбаеванын 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № О-15 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ф № 14- китепканачы З. Кулматованын 2019-жылдын 05-февралындагы кириш № К-05 сандуу Моделдик китепканага айландыруу жөнүндөгү жана Жаңы-Арык айылындагы №24- китепканачысы А. Оконбаеванын 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № О-15 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында алгылыктуу иш алып баруусу үчүн Моделдик китепканага өтүү максатында түзүлгөн сметага ылайык, Жыл башында китепканалар үчүн ажыратылган 80000 (сексен миң) сом акча каражаты жогоруда аты аталган эки китепканага Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40000 (кырк миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда айтылган акча каражаты менен муктаждыктарына жараша камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |