Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы №6
Айыл өкмөттүн Салык бөлүмүнүн кызматкерлеринин сунушу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнүн кызматкерлеринин 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № С-16 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Салык бөлүмүнүн кызматкерлеринин 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № С-16 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Учурдагы замандын талабына ылайык айыл өкмөттүн негизги ишмердигин жетишээрлик дэңгээлде аткаруу максатында, компьютердик жабдуу менен камсыздалсын. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен сметада көрсөтүлгөн 63 000 (алтымыш үч миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн
4. Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |