Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 7
Кызыл-Кыя айылынын тургуну М. Жакшыбаевтин арызы жөнүндө
Кызыл- Кыя айылынын тургуну Жакшыбаев Манаптын 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № Ж-18 сандуу арызы боюнча Айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл- Кыя айылынын тургуну М. Жакшыбаев 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № Ж-18 сандуу арызы боюнча Айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя айылынын тургуну М. Жакшыбаевдин сарайынын жанындагы арыкты оңдоп түзөө, калыбына келтирүү максатында 2тонны цемент менен камсыз кылынсын. 2т х7сомдон бааланып жыйынтыгында 14 000 (он төрт миң) акча каражаты Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |