Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 8
Жаштык айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургундарынын 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № КЛ -11 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургундарынын 2019-жылдын 18-февралындагы кириш № КЛ -11 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Жаштык айылынан Жаңы-Арык айылындагы №18- М. Молдалиев атындагы орто мектебине келип билим алып жаткан окуучуларды ташууга жыл башында ажыратылган акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу, Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча 15000 (он беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |