Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 9
Жеңиш айылынын тургуну З. Толошовдун кайрылуусу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну Толошов Зайырбектин 2019-жылдын 08-февралындагы кириш № Т-04 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну Толошов Зайырбектин 2019-жылдын 08-февралындагы кириш № Т-04 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Толошов Заирбектин турмуш шартына байланыштуу, айылдын жакыр тургуну экендигин эске алуу менен Жеңиш айылындагы аукцион аркылуу алып пайдаланып кележаткан 0,50га жер аянты, 2020-жылдан баштап аукциондун картасынан чыгарылып түз берилсин.
3. Жогоруда айтылган 0,50 га жер аянтынын аренда акысын эсептеп беррүү жагы
4. Айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адиси А. Оморбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |