Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 10
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 08. 02. 2019 - жылдагы № 10 сандуу токтомун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекованын 2019-жылдын 08- февралындагы № 10 сандуу токтомун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекованын 2019-жылдын 08- февралындагы № 10 сандуу токтому эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 08-
февралындагы № 10 сандуу токтомунун 1- тиркемесине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешине шайланган депутат Асанбаев Тилекберди Чынтемировичтин ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун, мандаты шайланган депутаттан кийинки тизмедеги талапкер Жоробаев Таирбек Эсеновичке тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун негизинде Жоробаев Таирбек Эсенович депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |