Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 11
Жаңы-Арык СА СПасынын жетекчиси М. Мамажановдун кайрылуусу жөнүндө
Жаңы- Арык СА СПА сынын жетекчиси М. Мамажановдун 2019-жылдын 18- февралындагы кириш № М-14 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык СА СПА сынын жетекчиси М. Мамажановдун 2019-жылдын 18- февралындагы кириш № М-14 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы Жаңы- Арык СА СПА сынын узундугу 12км болгон чоң арыка “Нар Бото” ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунушу, жалпы жыйындын протоколунун негизинде канааттандырылсын.
3. Жаңы- Арык СА СПА сынын узундугу 12км болгон чоң арыка “Нар Бото” ысымын ыйгарууда тийиштүү иш кагаздарын даярдоого көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адиси А. Оморбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |