Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 12
«Кочкор- Кыштак көчөсүнүн тургуну Ибрайимова Анаркан Абакуловнага Бүргөндү айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылынын Кочкор-Кыштак көчөсүнүн элинин 26.11.2018-жылдагы № 1- протоколунун, Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 19- февралындагы кириш № И -20 сандуу Ибрайимова Анаркан Абакуловнага Бүргөндү айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө кайрылуусуна жана КРнын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн, 36-беренесинин, 8-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 19- февралындагы кириш № И -20 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылынын Кочкор-Кыштак көчөсүнүн тургуну, айылдык ден-соолукту чыңдоо комитетинин башкы мээрман айымы Ибрайимова Анаркан Абакуловнага Бүргөндү айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамы ыйгарылсын.
3. Ибрайимова Анаркан Абакуловнага Бүргөндү айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын ыйгарууда тийиштүү иш кагаздарын даярдоого көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн профсоюз уюмунун төрагасы Э. Сопиевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |