Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 13
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына 2018– жыличинде өткөргөн сессияларына компенсациятөлөмдөрүн төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасына 2018-жыл ичинде өткөргөн айылдык кеңштин сессияларына компенсация төлөмдөрүн эсептеп жана төлөп берүү жөнүндө бюджет жанафинансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевдин билдирүүсүнжана төрага Т. Асанбаевдин кайрылуусунугуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынынкезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экс төрага Т. Асанбаевдин 2019-жылдын 18-февралындагы кириш А-10 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Айылдык кеңштин иш планынын негизинде ар бир сессиясын даярдоого, комиссия түзүү, текшерүү, жыйынтыгын чыгаруу, маалыматты, токтомдордун долбоорун даярдоо, сессия өткөрүү күнү жана сессиядан кийин протоколдорду, токтомдорду кайрадан кароо, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кеминде беш күндөн кем эмес, кээ бир учурларда мынданда көп убакыт кетээрин белгилеп сессия өткөрүүгө компенсация өлчөмүн беш күндөн кем эмес күнгө эсептөөлөр жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык айылдык кеңешинин төрагасына 2018-жыл ичинде өткөргөн айылдык кеңштин сессияларына компенсациясынын расчетун тиркемеге ылайык чыгарып төлөп берүү жагы Айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагыАйылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына
жарыялансын.
Төрага | З. Арстанбеков |
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасынын 2018-жылдын компенсациясын төлөп берүү боюнча расчету
1. Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы 02.02.2018-жыл.
2. Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы 13.02.2018-жыл
3. Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы 26.02.2018-жыл.
4. Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XV сессиясы 14.05.2018-жыл
5. Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI сессиясы 29.05.2018-жыл
Расчет
1. 14175/29,6=478,89
2. 478, 898*5= 2394
№ Айлары Нач-е Под.н С.ф.8% С.ф.2% Проф.вз.1% Удерж.
всего
1 02.02.2018 2394 150 192 48 0 390 2004
2 13.02.2018 2394 150 192 48 0 390 2004
3 26.02.2018 2394 150 192 48 0 390 2004
4 14.05.2018 2394 150 192 48 0 390 2004
5 29.05.2019 2394 150 192 48 0 390 2004
Баардыгы 11970 750 960 240 0 1950 10020
Башкы бухгалтер А. Мырзакаримов
Эсепчи бухгалтер Г. Исабекова