Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 14
Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип бекитүү жөнүндөгү өкмөт башчы А. Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571
сандуу токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик укуктарын берүү процессин ишке ашыруу боюнча Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү комиссия курамы бекитилсин:
А. Каракожоев- айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын төрагасы;
С. Разакулов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын орун басары;
А. Оморбеков- жер маселелери боюнча адиси, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
А. Торокулов- Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө
укуктарды берүү башкармалыгынын Бүргөндү айыл өкмөтү боюнча инспектору;
К. Эгембердиев- Ноокен райондук шаар куруу жана Архитектура
башкармалыгынын Бүргөндү айыл өкмөтү боюнча инспектору;
А. Абдиев- айылдык кеңештин депутаты;
У. Мамажанов- айылдык кеңештин депутаты;
К. Озбеков- айылдык кеңештин депутаты;
М. Ахмедова- коомдук уюмдун өкүлү.
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке жана Мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |