Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXI- сессиясы
2019-жылдын 19-февралы № 15
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү процессин ишке ашыруу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү процессин ишке ашыруу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип бекитүү жөнүндөгү өкмөт башчы А. Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын
2002-жылдын 15-апрелиндеги №702-11 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнкү комиссия курамы бекитилсин:
С. Разакулов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
А. Каракожоев- айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын орун басары;
А. Оморбеков- жер маселелери боюнча адиси, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
Б. Мамытов- айыл өкмөтүнүн салык инспектору;
К. Калбеков- айылдык кеңештин депутаты;
М. Маккамов- айылдык кеңештин депутаты;
С. Дооронов- айылдык кеңештин депутаты;
3. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Абдиевке жана Мыйзамдуулук укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |