Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16- марты № 1
А. Сатыкуловдун “Яма Беккер” куруу боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 11- мартындагы кириш № С-24 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун 2019-жылдын 11- мартындагы кириш № С-24 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, түрдүү оорулар менен ылаңдаган мал жандыктарын өрттөп, көмүп жок кылуу зарылдыгы болгондугуна байланыштуу, Жаңы-Арык айылынын Жаңы-Жол көчөсүнөн 36м2 жер аянты “Яма Беккер” куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. “Яма Беккер” куруу үчүн 36м2 жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳө Айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |