Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16- марты № 2
“Ууру-Жар” деген калктуу конуштун аталышын “Атаканов Эсенжан” деген аталышка өзгөртүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Кочкор-Кыштак айылынын тургундарынын 2019-жылдын 11- мартындагы кириш № Жм-23 сандуу сунушун жана жергиликтүү тургундардын 2019-жылдын 07-мартындагы жыйналышынын протоколун, токтомун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Кочкор-Кыштак айылынын тургундарынын 2019-жылдын 11- мартындагы кириш № Жм-23 сандуу сунушу жана жергиликтүү тургундардын 2019-жылдын 07-мартындагы жыйналышынын протоколу, токтому эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы (Ууру-Жар, Кочкор-Кыштак, Борсолдой) үч көчөнү камтыган “Ууру - Жар” деген калктуу конуштун аталышына жергиликтүү тургундардын сунушунун негизинде Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, коомдук жана саясий ишмер өз учурундагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри маркум Атаканов Эсенжандын ысымы ыйгарылсын.
3. Айылдарга ат коюу жөнүндөгү жобого ылайык, аталган калктуу конушка ат коюу боюнча баардык Юридикалык иш кагаздарын толуктап, даярдоо, каттоодон өткөрүү жана аталган калктуу конуштун аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө көмөктөшүү жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко.
1. Аталган калктуу конуштун Юридикалык иш кагаздары толукталып бүткөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын тийиштүү жогорку турган органдарына билдирүүлөрдү жазып жеткирүүгө, тийиштүү иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө көмөктөшүү жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким Э. Маматаевден суралсын.
2. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳө Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |