Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-марты № 3
Жанай-Сай көчөсүнүн тургундарынын ички жолдорго шагал төшөө боюнча жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Жананй-Сай көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 13-мартындагы № Дж-26 саны менен кириштелген кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл аймагындагы Жананй-Сай көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 13-мартындагы № Дж-26 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Архитектууралык талаптарга ылайык оңдоп, түзөө иштери жүргүзүлгөн бул айылдын ички жолдоруна шагал төшөө максатында, 2019-жылга карата бекитилген бюджетке ылайык 450000 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражытынын 50%, же тактап айтканда 225000 (эки жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган акча каражатын максатуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |