Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 4
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында Бүргѳндү айыл аймагына алып келинип жаткан МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактордун депозити жөнүндө
“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М. Джолдошовдун 2019-жылдын 13-мартындагы № Дж-27 саны менен кириштелген кайрылуусун Бүргѳндү айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында алынып келинип жаткан МТЗ-82 үлгүсүндөгү трактору жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин төрагасы М. Джолдошовдун 2019-жылдын 13-мартындагы №Дж-27 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ПРЖР- 2 долбоорунун алкагында “Намаздык-Ата” жайыт бирикмеси тарабынан алынып келинип жаткан МТЗ-82 үлгүсүндөгү тракторун депозитинин калган суммасы үчүн жергиликтүү бюджеттен 332 500(үч жүз отуз эки миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Бүргөндү айыл өкмөтү жана “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси М.
Джолдошов менен максатуу келишим түзүү, жогорудагы жергиликтүү бюджеттен ажыратылган акча каражатын максатуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго жана Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын
Төрага | З. Арстанбеков |