Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 5
«Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин 580м2 жер аянтын жеке менчике өткөрүп берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин ишенимдүү өкүлү У. Кадыровтун 2019-жылдын 15-мартындагы № К-29 саны менен кириштелген арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин ишенимдүү өкүлү У. Кадыровтун 2019-жылдын 15-мартындагы № К-29 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Мамытов Турсун Хамытовичтин 580м2 жер аянтын жеке менчике өткөрүп берүү боюнча жазган арызын карап чыгып төмөндөгүлөрдү билдиремин. .
3. Суралган жер аянтынын мыйзамдуулугун тактоо, мыйзам чегинде чечим кабыл алып, тез аранын ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндөгү маалыматты жеткирип, жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин келээрки сессиясына сунуштоо жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко жана Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |