Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 6
Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын Архивдик болмө ачуу жана жасалгалоо боюнча жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын 2019-жылдын 13-мартындагы № Дж-28 саны менен кириштелген кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын 2019-жылдын 13-мартындагы № Дж-28 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн (мындан аары) иш процессинде түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун документтеринин, анын ичинде башкаруу, илимий техникалык, аудиовизуалдык машина аркылуу өтүүчү жана башка атайын документтердин баалуулугун экспертизалоо, мамлекеттик сактоого өткөрүүгө тандоо жана даярдоо боюнча методикалык жана практикалык иштерди уюштуруу жана жүргүзүү максатында архивдик бөлмөсүү уюштуруу жана жасалгалоо үчүн жергиликтүү бюджетин эсебинен 50 000(элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган акча каражатын максатуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |