Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 7
Жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү муниципалдык иш канасынын кайрылуусу жөнүндө
Жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү иш канасынын таштандыларды чыгарууда төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндөгү 2019-жылдын 13-мартындагы кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү иш канасынын таштандыларды чыгарууда төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндөгү 2019-жылдын 13-мартындагы эске алынсын.
2. Жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү иш канасынын таштандыларды чыгарууда төлөнүүчү тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
№ | Аталышы | Олчом | Суммасы |
1 | Магазиндер | 1кв | 2,00 |
2 | АЗС | 1кв | 2,00 |
3 | Базарлар | 1кв | 2,00 |
4 | Кожолукка | 1 уй башына | 50,00 |
5 | Женил унаага | 1 | 20,00 |
6 | Портер орточо | 1 | 50,00 |
7 | Чон унааларга | 1 | 200,00 |
8 | Бала бакча, мектепттер | 1 | 500,00 |
9 | Мойка ,СТО | 1км | 2,00 |
10 | Ашкана, чайкана, самоор | 1кв | 3,00 |
11 | Штраф |
| 1000сомдон |
3. Жогоруда бекитилген тариф менен мыйзамдуу иш алып баруу жагы Жаңы ачылып жаткан Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү иш канасын милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |