Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 8
Жеңиш айылынын тургундарынын Тай казан курууга 5,0 га жер аянтын сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Жеңиш айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15- мартындагы кириш № Жм-31 саны менен кириштелген арызын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеңиш айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15- мартындагы кириш № Жм-31 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы каналдын үстү жагындагы “Беш Баңги” участкасы тарабынан 5,0 га жер аянты айыл тургундарынын жаштары арасында спорттун көк бөрү түрүн өнүктүрүү максатында Тай казан курууга ажыратылып берилсин.
3. Тай казан курууга 5,0га жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳө Айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |