Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 10
Жеңиш айылынын тургундарынын мал жанды ктарынын коопсуздугун сактоо боюнча жазган кайрылуусун кароо жөнүндө
Жеңиш айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-мартындагы № Жм-33 саны менен кириштелген кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл аймагындагы Жеңиш айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-мартындагы № Жм-33 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Жеңиш айылынын тургундарынын мал жандыктарынын коопсуздугун камсыздоо, сактоо иретинде айыл тургундарынын жасаган эмгегин балоо, көмөк көрсөтүү максатында жырткыч чөөлөрдү атып жок кылууга, мал жандыктарынын коопсуздугун камсыздоого кам көргөн жарандарга түрткү катары, колдоо максатында 5 000 (беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган акча каражатын максатуу пайдалануу жагы Айыл өкмөт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Аталган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |