Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы
2019-жылдын 16-марты № 11
Бүргөндү айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2019 -жылга түзгөн иш –пландарынын негизинде айылдык кеңештин иш-планын бекитүү жөнүндө
Бүргѳндү айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2019-жылга карата түзгөн иш-пландарын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2019-жылга карата түзгөн иш-пландары эске алынсын.
2. Бүргѳндү айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2019-жылга карата түзгөн иш-пландары жана алардын негизинде айылдык кеңештин иш-планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Түзүлгөн иш-пландын негизинде өз мөөнөтүндө айылдык кеңештин сессияларын өткөрүүдө тийиштүү жооптуу адамдардын иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | З. Арстанбеков |