Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2019-жылдын 09-апрели № 3
Бадачылар менен сүйлөшүп, бада пулдун наркын аныктоо жана жайлоого көчүп кетүү, көчүп келүүнү мөөнөтүн бекитүү жөнүндө
Кара-Суу ЖПБнин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бадачыларына төмөндөгүдөй баалар бекитилип, төлөмдөр төлөнүп берилсин.
1. Койго – 60 сом, төлөмү койго козу, козуга 2000 сом.
Эчкиге – 50 сом, төлөмү эчкиге улак, улакка 1000 сом.
2. Койго – 80 сом, төлөмү койго кой , козуга козу.
Эчкиге – 70 сом, төлөмү эчкиге эчки, улакка улак.
2. 2019-жылга карата жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Жылкыга - 50 сом
Уйга – 50 сом.
Койго – 15 сом
Эчкиге - 15 сом
Эшекке - 100 сом
3. Сырттан келген малдарга да ушул бекитилген баалар менен жайыт акы алынсын .
4. Жайлоого көчүп кетүү жагы 2019-жылдын 10-майынан , ал эми көчүп келүү жагы 2019-жылдын 10-сентябрына чейин бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, жана элге жеткирүү жагы ЖПБнин төрагасы С. Мамакеевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Төрага | Малабеков Т. |