Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2019-жылдын 09-апрели № 5
АРИС программасы тарабынан алынган погрузчик тракторун ЖПБне өткөрүп берүү менен иштөө тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу ЖПБнин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө АРИС программасы тарабынан алынган погрузчик трактору ЖПБнин эсебине өткөрүлүп берилсин.
2. Техникалар элге женилдетилген баада жумуш аткарып, бекитилген баанын негизинде кызмат кылып берсин.
Погрузчик 1 саат жумуш аткарса – 3000 сом
Шагыл жүктөсө камазга – 800 сом, зилге 400 сом(эленген)
Топурак жүктөсө камазга -350 сом, зилге 200 сом
Айыл өкмөтүнөн сыртка чыгып иш аткарса – 4000 сом
3. Техника менен аткарылган иштерди учурунда көзөмөлдөп туруу жана түшкөн каражаттарды банк аркылуу жургүзүү жагы ЖПБнин төрагасы С.Мамакеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Малабеков Т. |