ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 4
Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү Бишкек-Ош автожолунун четинде жайгашкан Көк-Айдар айылынан Шайдан-Сай участкасына чейинки аралыкка түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн “Asvirt” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин13-бер. жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 18-бер, 50-бер. жетекчилике алып, Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү Бишкек-Ош автожолунун четинде жайгашкан Көк-Айдар айылынын Шайдан-Сай участкасына чейинки аралыкка түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн “Asvirt” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берүү жөнүндөгү 03.12.2018-ж. № 172 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү Бишкек-Ош автожолунун четинде жайгашкан Көк-Айдар айылынан Шайдан-Сай участкасына чейинки, жалпы узундугу 2000 метр аралыкка техникалык шарттарын түзүү, жолдун коопсуздугун сактоо жана жолдун инфраструктурасын жакшыртуу максатында түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн “Asvirt” жоопкерчилиги чектелген коомуна макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловко сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Назиров |