Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №5
Шайдан айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин атайын автоматташтырылган базага киргизүү, айыл чарба жерлеринин иш кагаздарын автоматташтыруу боюнча “Абад” коомуна макулдук берүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХIV-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевтин “Шайдан айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин атайын автоматташтырылган базага киргизүү, айыл чарба жерлеринин иш кагаздарын автоматташтыруу боюнча “Абад” коомуна макулдук берүү жөнүндөгү” кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевтин “Шайдан айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин атайын автоматташтырылган базага киргизүү, айыл чарба жерлеринин иш кагаздарын автоматташтыруу боюнча “Абад” коомуна макулдук берүү жөнүндөгү” кайрылуусу эске алынсын.
2. Шайдан айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин атайын автоматташтырылган базага киргизүү, айыл чарба жерлеринин иш кагаздарын автоматташтыруу боюнча “Абад” коомуна макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиевке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Нарматовко жүктөлсүн.
Төрага | А. Назиров |