Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 1
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХIV-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековдун, Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы Жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы Жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековго тапшырылсын.
Төрага | А. Назиров |