Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2019-жылдын 28-январы № 3
Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХIV-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун “Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдар үчүн тамак-ашынын акчалай нормасын жана балдар бакчаларында балдар менен дайыма иштеген кызматкерлердин тамак-ашынын акчалай нормасын белгилөө жөнүндө” кайрылуусун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун “Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдар үчүн тамак-ашынын акчалай нормасын жана балдар бакчаларында балдар менен дайыма иштеген кызматкерлердин тамак-ашынын акчалай нормасын белгилөө жөнүндө” кайрылуусу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында балдардын тамак-ашына ата-энелер үчүн күнүнө 18 (он сегиз) сом акчалай нормасы белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттен “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январьдагы №7 сандуу токтомунун тиркемесине ылайык балдар бакчаларынын тамак-ашына каражат бөлүнсүн.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында дайыма балдар менен иштеген кызматкерлердин түшкү тамагы үчүн күнүнө 12 (он эки) сом акчалай нормасы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Назиров |